Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:44

Караколго жакын Пристан жана Михайловка айылынын тургундары табийгатты коргоого бийликти чакырууда


КАРАКОЛ. Аталган айылдардын жана көл жээгиндеги үйлөрдүн тургундарынын тынчсызданууларына караганда, акыркы он жылдан бери Ысыккөлгө кыштоочу ак куулардын, жапайы каз, өрдөктөрдүн саны дээрлик кыскарды. Айрыкча ак куулар браконьерлер тарабынан жапайычылык менен атылууда. Маселен Сабыржан Турдукожоев аттуу адам Ысыккөлгө келип конгон 9 ак кууну атып алган. Ал мындан мурда да браконьерлик боюнча кылмыш жообуна тартылгандыгы аныкталды. Мына ушул фактынын негизинде айылдык кеңеш жаратылыш байлыгына көз көрүнө суук колдорун салган браконьерлерге тиешелүү чара көрүү талабы менен жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик инспекциясына өтүнүч кат жолдоду.

XS
SM
MD
LG