Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:28

Иракта АКШы аскерлеринин санын көбөйтөт


АКШнын коргоо министрлиги Ирактагы аскерлеринин санын 138 миңден 150 миңге чейин көбөйтөөрүн маалымдады. Мындай кадам январь айында өтүүчү Ирактагы президенттик шайлоо менен байланыштырылууда. Командачылыктын өкүлү мындан сырткары Фаллужа шаарын бошотуу операциясында 71 америкалык аскер курман болгонун кошумчалады.Бул сан мурда айтылганга караганда 20 адамга көптүк кылат.
Бүгүн Багдаддын борбордук бөлүгүндөгү-айрым айылдар минометтун аткылосуна кабылып, андан бир адам каза тапты жана бир нече киши жаракат алды.

Ирактын убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри Аяд Алави эртең Германиянын канцлери Герхард Шродер менен жолугушуусу күтүлүүдө. Анда Германиянын Иракка жардам берүү маселесин талкууланмакчы. Буга дейре расмий Берлин Иракты кайра калыбына келтирүү үчүн жардам көрсөтүү ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG