Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

АБХАЗИЯ: БАГАПШ ПРЕЗИДЕНТТИК АНТ БЕРҮҮГӨ КАМЫНУУДА


Грузин президенти Михаил Саакашвили Тбилиси абхаз оппозициялык саясатчысы, президенттикке талапкер Сергей Багапшты Абхазиядагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп расмий тааный турганын маалымдады. Шаршембиде Орусия Грузиядан жиктелүүгө умтулуп жаткан Абхаз аймагынын жетекчилигине кайрылып, эгерде аймактагы президенттик шайлоо кайра өткөрүлбөсө, анда Абхазия экономикалык камалоого алынаарын эскерткен. Адистердин айтымында, соңку окуялар абхаз оппозициясын Тбилисиге жакындаштырышы ыктымал.

Абхазияда Маскөө жактаган саясатчы, мурдагы премьер Раул Хажимба "жеңилди", анын атаандашы – оппозициячыл саясатчы Сергей Багапш "жеңди" деп табылып жаткан тапта, учурдагы президент Владислав Ардзинба Маскөөнүн кысымы астында кайра шайлоо өткөрүүгө буйрук берди. Аймактын борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку соту жана парламенти 3-октябрдагы президенттик шайлоонун жеңүүчү катары Сергей Багапшты тааныган болчу.

Сергей Багапш президент Ардзинбага баш ийбей турганын, декабрдын 6сында мамлекет башчы катары салтанаттуу ант берүүгө даяр экенин эскертти.

Ал эми Грузин президенти Михаил Саакашвили жума күнү окумуштуу адистер тобу менен Абхаз маселесин талкуулашып жатып, Тбилиси Сергей Багапшты жеңүүчү деп расмий тааный турганын алгачкы жолу маалымдады.

Абхазия аймагы үчүн Орусиянын экономикалык жардамы – экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы Ленинградга Ладога аркылуу келген көмөккө тете. Бирок, жергиликтүү оппозициянын айтканына караганда, Орусиянын мындай көмөгүнө жана болжолдуу экономикалык жазасына карабастан, абхаздар өз саясий тагдырын өздөрү чечкиси келет.

Абхазия аймагын өз мамлекетинин бир бөлүгү санаган расмий Тбилиси болсо Маскөөнүн соңку кадамын аймактагы тирешүүнүн отуна май куюу аракети катары баалады.

Бейшембиде грузин тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили мындай деп айтты:

- Бул кадамдар Орусиянын Абхазиядагы саясий кырдаалга сырттан таасир кылуу далаалатын айгинелейт. Грузин тарабы болсо, тескерисинче, абалга тынчсыздануу менен байкоо салууда. Биздин башкы маселебиз – бул Абхазиядагы дүрбөлөңдүү кырдаалды андан ары курчутпастан, турукташуу жолуна түшүүсүнө жетишүү жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн мүмкүн болушунча тез арада кайра жандантуу.

Орусиянын премьер-министринин жардамчысы Геннадий Букаев бейшембиде Сочиде чыгып сүйлөп, Ардзинбанын кайра шайлоо өткөрүү тууралуу жардыгын колдоого алды:

- Абхазия жумуриятында мыйзамдуу мамлекет башчы – Владислав Ардзинба. Орусия жетекчилиги Ардзинбанын аймактагы социалдык-саясий кырдаалды турукташтыруу аракеттерин жана анын президенттик жаңы шайлоо өткөрүү чечимин колдойт.

Орусиянын расмий өкүлү Геннадий Букаев Сергей Багапшты кылмыштуу топтор менен жең ичинен байланыш түзгөн деп да айыптап чыкты.

Аймактагы жана Орусиядагы серепчилер Абхазиядагы соңку окуяларга ар кыл көз караштарын билдирүүдө.

Орусиянын «Время новостей» гезитинин Тбилисидеги кабарчысы Михаил Вигнанскийдин оюнча, алдыдагы күндөр аймак үчүн тагдыр чечээр мааниге ээ:

- Эгерде Багапш өз сөзүндө туруп, салтанаттуу ант берсе жана президенттик кызматка келсе, анда Орусияда эч кандай иллюзия калбайт. Багапштын тушунда Орусия Ардзинбанын учурундагыдай Абхазияга өз оюн ээн-эркин таңуулай албайт. Орусиянын болжолдуу экономикалык жазасына карабастан, Багапш маневр үчүн алда канча кеңири мейкиндикке ээ болоору күтүлөт.

Орусиянын Багапшка каршы саясаты аймактын жаңы жетекчилигин расмий Тбилиси менен жакындашууга түртүшү ыктымал, дешет тбилисилик жана орусиялык серепчилер.

XS
SM
MD
LG