Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

УКРАИНА СОТУНУН ЧЕЧИМИНЕ КЫРГЫЗ САЯСАТЧЫЛАРЫНЫН ПИКИРИ


Айданбек Акматов, Бишкек Украинанын Жогорку Соту 21-ноябрдагы президенттик шайлоонун экинчи турунун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра добуш берүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул шайлоо КМШ айдыңындагы Батыш менен Россиянын тирешүүсүн ачыкка чыгарды.

Президент Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катышпаймын деп бир нече ирет билдирген. Бул сөз чындыкка айланса, анда келерки жылдагы шайлоонун “кызыктуу да, татаал да” болоору айкын. Албетте, Кыргызстандагы шайлоого сырткы күчтөрдүн таасири тийбей койбойт. Бул Грузия жана Украинадагы окуялардан улам айкындалып турат. Бирок биздин өлкөдөгү талапкерлер демократиячыл батышка, же Россияга ыктаарын ачык айта элек. Ал эми Аскар Акаев башында турган расмий бийлик бардык революцияларды кескин айыптап, батыштын демократиялыкпы, башкабы, ар кандай экспансияларына каршы турган Москванын кадамдарынын бекем колдоочусуна айланып баратат.
Ал эми Украинанын Жогорку Сотунун 3-декабрдагы чечимине келсек, ал боюнча кыргыз саясатчыларынын пикири ар кыл болуп жатат. Президенттик администрациянын башчысынын орун басары Болот Жанузаков Украинада болуп жаткан окуялар ал өлкөнүн ички иши экенин айтып, соттун чечимине эч кандай комментарий бере албасын билдирди.
Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Исхак Масалиев болсо мындай пикирин ортого салды:

- Оппозиционер катары жакшы деп баалаймын. Бирок, негизи мамлекеттик кызматкер болгондуктан кийин бул туура эмес прецендент калды деп эсептеймин. Бир топ адамдар чогулуп, кысым кылып, Жогорку Сот тарабынан каалагандай чечим кабыл алуусуна жетишүүгө болоорун көрсөтүүдө. Менин оюмча, Януковичтин сунушун колдоп, эки талапкерди тең катыштырбай жаңы шайлоо өткөрүү туура болмок.

Кыргызстандагы президенттик шайлоого сырткы күчтөрдүн таасири тууралуу суроого Масалиевдин жообу мындай болду:

- Батыштан таасир көбүрөөк болот. Анткени ал жактан биз көбүрөөк акча алып атабыз. Бирок акыркы учурда мамлекеттик гезиттер аркылуу батышка, АКШнын саясатына каршылык көрсөтүлүүдө.

“Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев Украинанын Жогорку Сотунун чечимин мындай баалады:

- Бул негизинен туура чечим болду. Мындай чечимди чыгарбай Януковичке жеңишти ыйгарып коюу туура эмес болмок. Анткени калктын нааразылыгы токтомок эмес. Ошон үчүн айтаарым, соттун чечим мыйзам чегинде, калк кызыкчылыгында болду.

Эми маселе соттун чечимин сыйлап, кайра добуш берүүнү өткөрүүдө турат. Анткени Виктор Януковичтин тарапкерлери чечимди саясий чечим деп аташууда. Натыйжада аны колдогон чыгыш облустар нааразылык акциясынын булагына айланбайбы деген чочуркоолор пайда болууда. Бул маселеге карата “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери Муратбек Иманалиев мындай пикирин ортого салды:

- Эки тараптын лидерлеринин чоң максаты Украинада биримдүүлүктү сактоо болуш керек. Андай болбосо натыйжасы начар болуп, өлкө экиге бөлүнүп кетет, же дагы бир нерсе болуп кетет.

Анын айтымында, Кыргызстандагы президентик шайлоонун жыйынтыгында Украинадагыдай оор абал түзүлүшү ыктымал. Ошондуктан бийлик жана оппозиция азыртан баштап туруктуу иштей турган тегерек стол жыйында жолугушуп, кеңешип туруусу максатка ылайыктуу.

XS
SM
MD
LG