Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Коопсуздук келишим уюму террорчулар тизмесин түздү


БИШКЕК. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттер террорчул жана экстремисттик уюмдардын бирдиктүү тизмесин түзүштү жана тизмеге 22 топ кирди. Бул тууралуу Уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрүнүн 3-декабрдагы Санкт-Петербург жолугушуудан кийин маалымдады. Бордюжанын маалыматына караганда, тизмеге кирген топтор - КМШ өлкөлөрүнө коркунуч келтиргендер. Тизменин тутумунда «Мусулман биртуугандар» тобунан «Аль-Каидага» чейинки уюмдар бар. Бул тууралуу маалыматты «Росбалт» маалымат агенттигине таянып, «АКИпресс» таратты. Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин катарына Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Армения кирет.

XS
SM
MD
LG