Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

«Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей орто муундагы Жоомарт Кадыралиев жумурай-журтка сүрөтчү-монументалист-живописчи эле эмес, ал обончу, комузчу-күүчү, домбрачы катары да белгилүү.

Жоомарт Москвадагы В.С.Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун бүтүргөн. Анын «Тоолук кыз», «Алтын жылдыз», «Ак жаан», «Чолпонбай», «Бүгүнкү күн - үндөрдүн күнү», «Эсимде» аттуу жана башка сүрөттөрүндө терең ой, өзгөчө бир байланыш, логикалык биримдик, күчтүү көркөмдүк, ачык-айкындык таасын байкалат. Автордун монументтик живопись жанрындагы «Бабалардын баяны» аттуу көлөмдүү чыгармасы Улуттук «Манас ордо» комплексиндеги музейге коюлган. Кадыралиевдин сүрөттөрү Парижде, Брюселде, Софияда, Даккада жана башка шаарларда өткөн Эл аралык көргөзмөлөргө коюлган. Ар тараптуу шыктагы кыл калемдин ээси Кадыралиевдин чыгармачылыгындагы обончулугунун, комузчу-күүчүлүгүнүн сыр түйүндөрүн жакындан билиш үчүн Бишкектин Султан Ибраимов көчөсүндөгү №108 үйдүн сегизинчи кабатына жайгашкан өнөрканасынын босогосун аттаганымда домбранын жүрөк кылдарыңды дирилдеткен коштоосунда ары карап отуруп алып мындайча: - Ооо-ооо- деп, ичинен сызып күңгүрөнө берди. Ал ушунчалык берилип, эргип алгандыктанбы менин эшик ачып киргенимди да туйбады. Ооолоп обонун ичинен кайра берди.

Бир паска үн катпай тура да кеттим. Анан Жоке: Салоомалейкум, иш илгери болсун – десем, Жоомарт – Келиңиз Балбай ага, куш келипсиз – деп чоочуп да кеткендей кейипке келе түштү. Анан мен: - Келип калган себебим сен обон чыгарып, казактын домбрасын тартат экенсиң. Ал турсун комузду да безилдете чертип, күү да чыгарат экенсиң. Ушундай өнөрлөрүң менен таанышайын, окурмандарга тартуулайын деп келип калдым.

- Эми улуу башынызды кичүү кылып, ким келди Балбай байкем келди деп сүрдөп да кеттим.

Жоомарт мырза, «эбепке себеп» дегендей обон чыгарып, комуз чертип, күү чыгарып калышыңа түпкү ата-тегиңде себепчи болгон шыктуу инсаны бар беле?

- «Ар ким ата-бабасы менен мактанат» дегендей менин төртүнчү атам Качы бий комуз черчү экен.Ормон кандын тушунда Ысыккөлдө жашап иштептир. Атамдын атасы Жыргалаңда төрөлгөн. Качы бийдин «Кербези» сураса муну бербес» дегендей комузчудан болуптур. Өз атам Асанаалы Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдарында Москвадагы Чайковский атындагы консерваториясынын вокал классында азыркы СССРдин эл артисти Артык Мырзабаев менен бирге окуп жатып жетишпеген турмуштун айынан окуусун таштоого аргасыз болуптур. Мен 3-класстан тартып мектеп окуучуларынын, айылдаштарымдын арасында ырдай баштадым. 7-классты бүтүп атканымда ыраматылык байкем Рысбек: Ой, кой сен жүрө бересиңби, шаарга барып сүрөтчүнүн окуусунан оку. Шаарда күнүгө кино болот. Аны көрөсүң – деп, алдап-соолап келип азыркы С.Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайына өткөрүп койду.

Жоомарт мырза жакында Кыргызстан композиторлор союзунун чоң жыйында өзүңдүн «Шумкар уя», «Шер баяны» аттуу күүлөрүңдү «Камбаркан» этнографиялык ансамблинин аткаруусунда укуктук. Мүчөлүкө алышты. Күүлөрүңдү эл артисти Эсенгул Жумабаев иштеп чыгыптыр «Шумкар уя» аттуу күүңдү кимге арнадың? Күүдө эмнени айтайын дедиң эле?

-1987-жылы «Эсимде» аттуу сүрөт тартып калдым. Анда жер жүзүндөгү адамдардын сүйүүсүн, ага болгон мамилесин берүүгө аракеттендим. Сүрөт бүтөйүн деп ортолоп калганда эмнегедир ичимдеги бугум чыкпай, чыкса да батпай жатты. Сүймөнкул Чокморов менен иштешчүмүн. Ал беш аспапта комузда, гитарада, мондалинде, фортопианодо, баш-аягы беш аспапта бирдей ойночу. Экөөбүз комуз чертишчүбүз. Анан «Эсимде» аттуу сүрөтүмө батпай калган ойлорумду «Шумкар уя» аттуу күүмдө бердим. Бул 1987-жылы болгон эле.

Жоомарт мырза эми «Шер баяны» аттуу күүңдүн чыгыш тарыхын айтып берсең. Ал эмнеге, кимге арналды эле?

- «Шер баяны» аттуу күүмдүн чыгышы мындайча болгон эле. 2001-жылы улуу урматтуу президентибиз Аскар Акаев менен Шанхайга барып калдым. Үч күн чогулуш болду. Ал бүткөндөн кийин Цьян деген шаарга бардык. 800 аскердин айкели бар Тан доорунан (падышачылыгынан) калган айкелдерди көрүп жүрүп Аскар Акаев: Жоомарт Асаналиевич сиз качан «Манас» баатырдын 40 чоросу менен айкелин жасайсыз – деп, калды. Мен айттым, аны иштеп келеатам. Долбоорун көргөзөйүн – дедим. Келгенден кийин кабыл алды. Долбоорду көрдү, жактырды. Буйрук чыгарды. Мен айкелдерди бүтүрдүм. Бирок, төрт жылдан бери жылбай токтоп калды. Ал болжолу айкелдер «Алатоо» аянтына коюлмак. Кайсы бир себептер менен жумурткага отурган катын туруп калды. Мен аябай ыза болдум. Ошол бугумду, ызамды «Шер баяны» аттуу күүмдө баяндадым. Эл артисти, дирижер Эсенгул Жумабаевге жолугуп күүмдү аткарып берсем. Жакшы күү экен деп, нотага түшүрүп, иштеп чыгып «Камбаркан» этнографиялык ансамблине салды. Азыркы тапта «Шер баяны»аттуу күүм ансамблдин түбөлүктүү репертуарына айланды.

- Эми колума комузумду алайын. Бул «Кыялымда» аттуу обонумду 1987-жылы чыгаргам. Көптөн бери ырдабай жүрдүм эле, эми колдурап ырдап берейин.
Кар кетип күн мемиреп калганыңдай,
Көк чыгып, ак булуттар асманымда,
Мен сага баргым келет, көргүм келет,
Жаз менен кошо барып, бирге барып
Оо-оо-оо-оо-о-о-о-о-о-о
Мен сага бара берем ырлар болуп,
Мен сага алыста калган жаштыгымдан,
Мен сага ырым болуп келе берем


Ырахмат, Жоомарт мырза ыр, күү дүйнөсүнөн да быктыңды табышыңды каалайм.
XS
SM
MD
LG