БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргызстан менен Казакстандын шериктештик мамилеси жөнүндөгү» 2003-жылдын 25-декабрында кабыл алган келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоого киришти. Айрым депутаттар келишимди кошумча иштөө үчүн кайра кайтаруу сунушу менен чыгышты. Маселен, депутат Ишенбай Кадырбековдун айтымында келишимде эмгек миграциясы, суу-энерегетика ресурстарын пайдалануу, транзиттик каттам өңдүү маселелерде Кыргызстандын кызыкчылыгы корголгон эмес. Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун айтымында, келишим Кыргызстандын демилгеси менен иштелип чыккан жана аны Казак парламенти ратификациялаган.