Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

ПИКЕТЧИЛЕР ЧИНОВНИКТЕРДИ ЖООПКО ТАРТУУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Бишкекте Ак үйдүн алдында укук коргоочу Турсунбек Акундун туугандары жана тарапкерлери өлкөнүн ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкуловдун жана президенттик администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаковдун жоопко тартылышын талап кылган пикетке чыгышты.

Анын катышуучулары Турсунбек Акунду өкмөттүк маалымат каражаттары аркылуу каралаганды токтотууну да талап кылышты. Ал эми бийлик өкүлдөрү мындай талаптар менен нааразылык акцияга чыгуу негизсиз деп билдирди.

Пикетте “Кыргызстан патриоттук кыймылынын” төрагасы, укук коргоочу Турсунбек Акундун 80 жаштагы атасы Акун Мусабеков учурда уулунун саламаттыгы начар абалда экендигин айтты:

Азыр менин уулум начар абалда. Жарым жан болуп калды. Акылы бирде оң, бирде сол. Акыбалы оор. Баса албайт. Анын абалы мени кыйнап атат. Мени эми ким көмөт? Ишенбесешсе комиссия түзүп, барып бастырып көрүшсүн , - деп кейиди Акун Мусабеков.

Ал эми Кыйтыке Мусабеков болсо мындай талабын айтты:

Менин талабым – Турсунбекти уурдап, ушундай абалга кабылткан адамдар – Жанузаков, Субанбеков, Иманкуловдор жоопко тартылышсын .


“Ынтымак” коомунун төрагасы Нурлан Алымкулов болсо, пикетке чыккандыгынын себеби жөнүндө:

Эми мен өзүм да Турсунбектин абалын көрүп келдим. Өтө оор. Асма үкөл алып жатыптыр. Кийимин көрдүк Менин пикетке келишим, бул - Турсунбек Акунду ак жеринен каралап жактандыгына каршы акция деп эсептейм , – дейт Нурлан Алымкулов.

Ал эми ички иштер министрлигинин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов болсо, Турсунбек Акундун туугандарынын мындай талаптар менен нааразылык акцияга чыгышы негизсиз дейт:

Ички ишкер министрлигинин, улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн Турсунбек Акундун жоголуп, кайра табылгандыгына эч кандай тиешеси жок. Менимче, бул маселе боюнча чечүүчү сөз Турсунбекте. Ал эрдик кылып туруп, элден кечирим сураса, маселе абдан оң жана туура чечилген болот эле. Ага болбой эле, анан аны уурдап кетти деп эле айтып, пикеттерге чыга бергенден, эл арасында будуң-чаң сала берген туура эмес , - дейт Жолдошбек Бусурманкулов.

Пикетке катышкан Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Клара Ажибекова болсо, Турсунбек Акун жатып чыккан №4 шаардык оорукананын дарыгелерлери укук коргоочунун саламаттыгы жакшы деген туура эмес медициналык тыянагы үчүн да жоопко тартылышы керек деген пикирин айтты:

Көз алдыбызда врачтар оор абалда турган Турсунбек Акундун саламаттыгы канааттандырарлык деген жалган медициналык тыянак чыгаргандыгы мени абдан таң калтырды. Буга чейин, бийликтин таасири менен мындай иштер жасалгандыгына анчейин таң калбайт элем. Бул ирет чындыгында таң калдым. Мындай врачтардын бизге эмне кереги бар? Алар жоопко тартылышы керек. Деги эле Турсунбекти ким уурдады, ким башына жаракат келтирди, ким 15 күн караңгы жерде кармап, уулады? Ошолордун баары табылып, жоопко тартылышы керек .

Ал эми Кыргызстан патриоттук кыймылынын төрага орун басары Нурлан Мотуев өкмөттүк маалымат каражаттары Турсунбек Акундун жоголуп, табылышына байланыштуу окуянын тегерегиндеги маалыматтык согушту токтотушу керек деген талабын билдирди:

Кудай жалгап, Турсунбек Акун табылып калды. Бирок, өкмөт өзүнө караштуу маалымат каражаттары аркылуу Турсунбек Акунду каралоону токтотушу керек. Азыр маалыматтык согуш болуп жатат. Мындан эки жыл мурда Аксы окуясы боюнча да маалыматтык согуш болуп, премьер-министр Николай Танаев өкмөттүк маалымат каражаттар жеңилип калгандыгын моюнга алган. Эл ким ким экендигин билет. Биз Турсунбек Акунду каралоону токтотууну да талап кылып жатабыз , -
Дейт Нурлан Мотуев.

Ал эми өлкөдөгү айрым саясатчылар тарабынан, укук коргоочу Турсунбек Акундун жоголуп табылышы бийлик менен оппозициянын өкүлдөрүнүн ортосундагы мамилени курчутуу максатын көздөгөн үчүнчү күч тарабынан уюштурулгандыгы ыктымал деген да пикирлер айтылууда. Бул жөнүндө кыргыз парламентинин депутаты Карыпбек Алымкулов:

Менин пикиримде Турсунбек Акун бийлик үчүн өтө чоң коркунуч түзбөйт. Ал оппозиция үчүн деле чоң күч болуп бере албайт. Ал өзү бир жакка кетип калып, саясий спектакль уюштуруду деген пикирлерге да, күч структуралары уурдап кетти деген көз караштарга да кошула албайм. Азыр үчүнчү күч бийлик менен оппозицияны чагышытырып коюу үчүн ушуну уюштургандыгы мүмкүн деп айтып жатышпайбы. Мен ошол пикирге көбүрөөк кошулам , - деген пикирин билдирди депутат Карыпбек Алымкулов.

XS
SM
MD
LG