Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЫНТЫМАК КЕЛИШИМИ ЭМНЕГЕ КАЙТАРЫЛДЫ?


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны шейшембиде Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы ынтымактык (союздаштык) мамиле жөнүндөгү келишимди ратификациялабай, толуктоо үчүн тиешелүү комитетке кайра жөнөттү. Эки күндөн бери талкууланган келишимди палата эмне үчүн жактырган жок?

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы союздаштык мамиле жөнүндөгү келишимге эки өлкө президенттери былтыр 25-декабрда Астана шаарында кол коюшкан. Тышкы иштер министри Аскар Айтматов дүйшөмбүдө келишим эки өлкөнүн стратегиялык, экономикалык жана аскерий кызматташуу багыттарына жол ачкан келечектүү келишим деп баалаган менен айрым депутаттар анда Кыргызстандын кызыкчылыгы камтылбай калган деп каршы болушкан. Ушундан улам бул күнкү талкууда Турдакун Усубалиев баштаган бир топ депутаттар келишим Кыргызстандын келечеги үчүн пайдалуу жактарын далилдөөгө аракеттенишип, кабыл алууга үндөштү. Алардын бири Бөрүбай Жураев:

- Мен келишимден биздин кызыкчылыгыбызга карама-каршы бир дагы берене тапкан жокмун. Бул жерде кээ бир адамдар акты кара деп, караны ак деп далилдеген жатышат. Бирок, андай бир да берене жок, - деп билдирди.

Бирок, палата депутаттарынын көбү келишимде Кыргызстан өз байлыгын башкарууга да ээ болбой калчу жоболор көп жазылган дешип каршы болушту. Алардын бири депутат Исмаил Исаков өзүнүн оюн:

- Биз бүгүн карап жаткан келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт. Мисалы, 8-беренеде «Макулдашуучу тараптар негизги экономикалык көрсөткүчтөрдү акырындык менен жакындатуу жана макулдашылган структуралык экономикалык саясатты жүргүзүү боюнча чараларды көрүшөт» деп жазылыптыр.Муну кандай түшүнсө болот? Биз экономикалык көрсөткүчтөрдү кантип жакындатабыз? - деп каршы болсо, депутат Азимбек Бекназаров бул келишим Орусия менен Беларусту бириктирүү келишимине эле окшоштугун айтып, алар деле бири-биринин кызыкчылыгын толук камтыган келишимдерди түзө албагандыктан бириге албай жатышат деп, келишимдин 12 жана 19-беренелерин алып таштоону сунуш кылды. Анын айтымында, буга милдеттерди ишке ашыруу боюнча келишимге кошо тиркелген пландын 52-пунктунда жазылган жобо кооптонтуп тургандыгы түрткү берүүдө:

- Ошол иш пландын 52-пунктунда: «Кыргызстандын сунуштарын карап чыгуу жана Камбарата ГЭСтерин биргелешип куруу жана иштетүү боюнча шарттарды аныктоо» деп, шарттар Казакстандын макулдугу менен аныкталары жазылган экен. Бул эмне деген жобо? Эмне үчүн биз Камбарата ГЭСин Казакстандын шарты боюнча гана курушубуз керек? Эгер биз келишимди ратификациялап койсок Казакстан «Токтогула, Камбарата ГЭСин биз уруксаат бергенден кийин, биз айткан шартта гана курасыңар» деп айтышы толук мүмкүн да! Биз эгемендүү мамлекетпизби же Казакстандын бир облусуна айланган жатабызбы?

Катуу талаш-тартыштан кийин депутаттардын дээрлик бардыгы келишим толукталып иштелсин жана келишимдин айрым жоболору эске алуу менен жактырылсын деп сунушташты. Ага тышкы иштер министри Аскар Айтматов макул болбой, келишимди толук алып берүүнү өтүндү:

- Бул документ узак мезгилден бери абдан дыкат даярдалды. Жумушчу топтор бир нече жолугушууларды өткөрүп, талкуулашты. Аракеттенүү планы да кызыкдар мекеме, министрликтердин кароосунан өткөрүлүп, макулдашылды. Келишимди Тышкы иштер министрлиги даярдаган, аны дагы жакшыртуунун зарылдыгы жок. Кандай гана келишим болбосун текстин сын көз менен караса тоодой кемчиликтер табылат. Менин оюмча, сүйлөшүү жүргүзгөндөр абдан жакшы эле эмгек кылышты. Бул ошонун негизинде пайда болгон текст. Ал Кыргызстанга да, Казакстанга да жагат. Албетте, биз сүйлөшүү маалында Кыргызстандын кызыкчылыктары көбүрөөк камтылсын деп аракет кылдык. Бирок, келишимдин эки тарап тең макул болуп, экөөнө тең ылайыктуу вариант катары кабылданган тексти ушул.

Тышкы иштер министринин мындай сунушунан кийин депутаттар келишимди дароо эле ратификациялоо үчүн добушка коюну талап кылышты. Бирок, депутаттардын көбү келишим өтпөй калаарын, анын негизинде жакын коңшу мамлекет менен алаканын солгундап кетээрин эскертишип, келишимдин айрым жоболорун эске алуу менен ратификациялоо үчүн аны толуктап иштөөгө тиешелүү комитетке жөнөттү. Келишимдин айрым жоболорун эске алуу менен ратификациялоого эл аралык норма жол берерин палата төрагасы Абдыганы Эркебаев:

- Бизде «Эл аралык келишимдер» жөнүндө мыйзам бар. Ошол мыйзамдын чегинде кайсы бир беренелер боюнча эске алынсын, бул же тигил беренеге макул эмеспиз деп, эске алынуусун белгилөөгө Кыргызстандын укугу бар, - деп түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG