Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:52

Евробиримдик Кытайга каршы санкцияларды азырынча алып салбайт


Биримдиктин учурдагы төрагасы, Голландиянын тышкы иштер министри Бернард Бот шаркет Кытайга каршы киргизилген курал эмбаргосун алып салууга даяр эмес деп билдирди.
Мындай комментарий Кытай менен биримдиктин саммиттин утурлай жасалды. Гаагада өтчү бийик жолугушууга Кытайдын премьер-министри Вен Цзибао жетектеген делегация катышат.
Эмбарго 1989-жылы Бээжиндеги Тяньаньмень аянтындагы демонстрация күч менен басылганда киргизилген. Франция башындагы бир катар европалык өлкөлөр чектөөнүн алынып салышын сунуш этүүдө.

XS
SM
MD
LG