Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Башкы прокуратуранын талабы аткарылабы?


БИШКЕК. Өткөн 10 айдын ичинде Кыргызстандын жер жана агрардык мамилесине байланыштуу 31 кылмыш иши ачылып,76 мамлекеттик кызматкерге административдик жаза берилди.Бул тууралуу акыйкат башкаруу боюнча консультативдик кеңештин жыйынында Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратура жер жана агрардык тармак боюнча мыйзамсыз чыгарылган 500 нормативдик актыны жокко чыгарып, бул тармак жетекчилерине мыйзам бузууларды жоюу боюнча 280 эскертүү берилди. Андан тышкары Башкы прокуратура Жергиликтүү өз алдынча башкаруу министрине,курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик комиссияга жана Бишкек мэриясына борбордогу көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы жерлерди берүүгө тыюу салууну талап кылды. Анткени, эл жашаган аймактагы бош жерлер ресторан, кафе, дүкөндөрдү куруу үчүн ыксыз бөлүнүп, тургундардын нааразылыгын жана коррупцияны күчөткөн.

XS
SM
MD
LG