Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

КАНСЫЗ СОГУШ ДООРУ КАЙТТЫБЫ?


Айнура Жекше кызы Бир катар россиялык эксперттер Украинадагы окуялардан улам Москва менен Вашингтон ортосунда пайда болгон пикир келишпестиктер эки тараптуу мамилеге терс таасир тийгизиши ыктымал деп ырасташат. Америкалык аналитиктер болсо мындай драматикалык божомол жасоодон алыс. Ак-Үйдөгү расмий адамдар дагы оптимисттик көз-карашатарын билдирип келатышат.

Өткөн аптада Индиядагы визит маалында Россиянын мамлекет башчысы Вашингтонду эл аралык маселелерде өз диктатурасын орнотууга аракеттенүүдө деп айыптады. Шейшембиде болсо Путин Ирактын убактылуу премьери Йиад Аллави менен Кремлде болгон жолугушуусунан кийин Ирактагы болочок шайлоону комментариялап, Вашингтондун короосуна таш ыргыткансыды:

Чынын айтсам, чет элдик оккупация астындагы өлкөдө добуш берүү кантип уюштурулат элестете албайм.

Анын аралыгында ОБСЕнин София жыйынына катышкан Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш бул уюмду мурдагы советтик жумурияттарга таасир этиш үчүн пайдаланат деп кыйытып кетти. Министр ала кушту атынан атабаганы менен, сөз Украина тууралуу жүрүп жатканы айкын эле сезилди. Америкалык тарап жообун күттүргөн жок. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл ошол эле жыйында Украианадагы кризис Россия менен Батыш ортосундагы кандайдыр бир таймаш катары каралбашы керек деген көз карашын билдирди. Украинада же мурдагы СССРдин башка өлкөсүндө болобу эл лидерин өзү тандоого тийиш деди Пауэлл.

Россия АКШ жана Батыштын калган мамлекеттери Украинанын, башка постсоветтик жумурияттардын ички иштерине кийлигишүүдө деп эсептейт. Ал эми Кошмо Штаттарынын ырастоосунда, Москва Украинадагы демократиячыл эмес шайлоону колдоп чыгып, жергиликтүү элдин каршылыгын пайда кылды. Батыш болсо жөн гана демократтардын таламын талашууда. Андыктан Батыш эмес Москва украинанын ички саясатына кийлигишип жатат.

Россиялык аналитиктер тараптардын дурус мамилелерин сактап калыш үчүн Вашингтон бир нерсени аңдап-түшүнүүгө тийиш дешет: Атап айтканда, Путин Украинадагы окуяларды жеке кемсинтүү катары кабыл алды:

Путин Украинада түзүлгөн кырдаалды АКШ тарабынан пландалып, атайлап жасалган операция деп баалайт. Анын оюнда, ошол операциянын максаты Украиндагы азыркы режимди кулатып, аны америкачыл бийликке алмаштыруу, керек болсо өлкөнү Россиядан алыстатуу, Киевдин Москва, башка советтик жумурияттар менен мамилелерин чектөө, Украинаны Батыштын саясий плацдармына айлантуу, - дейт Москвадагы Карнеги институтунун кызматкери Дмитрий Тренин.

АКШ жана Канада институтунун аналитиги Виктор Кременюк болсо Украинанын айланасындагы соңку окуялар Вашингтон менен Москванын мамилелерине залака тийгизиши мүмкүн деп ырастайт:

Биз кансыз согуш моделине кайтып келдик деп ойлобойм. Бирок андай коркунуч кала берүүдө. Лидерлер муну түшүнүп, аны алдын алуу үчүн чаралар көрүлбөсө, кансыз согуш кайтып келиши толук ыктымал.

Вашингтон администрациясы болсо жагдай анча драматикалык деп эсептөөдөн алыс.
Мамдепартаменттин маалымат катчысы Адам Эрели россиялык министр Лавровтун сөздөрүн комментариялап:

Арабызда маанилүү, позитивдүү көп нерсе бар. Кээ бир маселелр боюнча көз караштарыбыз айырмаланып турат. Бул – табигый көрүнүш.

Вашингтондук аналитик Гален Карпентер Ак үй баланстуу саясат жүргүзүүгө аракеттенет деген пикирде:

Украинадагы реформачыл күчтөрдүн жеңишин кааласак да, ал жеңиш үчүн Россия менен алакаларыбызды садага чапкыбыз келбейт.

Америкалык саясий изилдөөчүлөрдүн арасында бул пикирди бөлүшпөгөндөр да арбын.
Маселен, Жэймс Голдгайер:

Биз Украина тууралу сөз кылып жатканда Россияны аралаштырбашыбыз керек. Бул – кансыз согуш доору эмес. Маселе “Америка жеңет, Россия утулат” дегенде эмес. Украина жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болууда. Путин болсо кансыз согуштун реторикасын колдоно баштады. Ал эки жаатка бөлүнүү жөнүндө сөз козгоду. Биз мындайга каршыбыз.
XS
SM
MD
LG