Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:28

Бухарестте да оппозиция жүрүшкө чыкты


Бухарестте оппозициянын тарапкерлери 28-ноябрда өткөн президенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деп, көчө жүрүшкө чыгышты.
Демонстрациянын катышуучулары “Румыния ойгон!” деген оппозициянын гимни алдында бийлешип, “Силердин добушуңарды алар уурдай алышпайт!” деп жазылган ураандарды көтөрүп алышкан. Жүрүштүн жаш катышуучулары адамдарды жекшемби күнү болчу шайлоодо оппозициячыл талапкер, Бухаресттин мэри Траян Басеску үчүн добуш берүүгө чакырышууда.
Шайлоонун биринчи айлампасында экс-коммунист өкмөт башчы Адриан Настасе добуштардын 41 процентин, Басеску болсо 34 процентин алган.

XS
SM
MD
LG