Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

"Кыргызстан элдик кыймылынын" жергиликтүү бөлүмдөрү түзүлүүдө


БИШКЕК. Кыргызстан Элдик кыймылынын жергиликтүү бөлүмдөрү кийинки аптадан тарта Нарын, Талас, Ыссыккөл, Чүй облустарында түзүлө баштайт. Бул тууралуу бүгүн аталган кыймылдын төрагасы Курманбек Бакиев «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Буга чейин Элдик кыймылдын жергиликтүү бөлүмдөрү Ош, Жалалабат, Баткен облустарында түзүлгөн. Депутат Бакиев билдиргендей, учурда Элдик кыймыл башка саясий кыймылдар менен биргелешип иштөө маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жургүзүүдө. Өлкөдөгү 9 саясий партия тарабынан түзүлгөн Кыргызстан Элдик кыймылынын башкы максаты: алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолорду адилет өткөрүп, бийликти конституциялык жол менен алмаштыруу. Элдик Кыймылдын курамына саясий партиялардан тышкары өлкөдөгү белгилүү саясатчылар, экс-министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары кирген. Азырынча Кыймыл парламенттик шайлоого 43 округдан талапкерлерди көрсөттү.

XS
SM
MD
LG