Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:37

ОРУСИЯДА «КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ» АКЫРКЫ ЖОЛУ БЕЛГИЛЕНДИ


Муса Мураталиев, Москва Орусияда, Ельцин тушунан бери, 12-декабрь «Конституция күнү» деп эсептелип, майрамдалып келаткан. Быйыл андай майрам акыркы жолу белгиленүүдө.

Жакында Мамдума майрам күндөрүнүн жаңы тизмесин кабыл алмакчы. Ал тизмеде – «Конституция күнү» жоюлуп анын ордуна «Орусиянын күнү» майрамы белгиленет. Ал 12 июлда жалпы улуттук майрам катары өткөрүлөт. Мындай жагдай атуулдар арасында тымызын нааразылыктарды туудурган. Бул күнү Москвада демократиялык оппозиция уюштурган бүткүлорусиялык конгресс ишин баштады. Анын башкы чакырыгы - «Орусия демократия үчүн Орусия диктатурага каршы» болууда. Күн тартибиндеги бир маселе – негизги мыйзам арибин көздүн карегиндей сактоо болууда.

Бүгүн, 12-декабрде ырасмий уюштурулган митинг өттү. Аны бийлик уюштурду. Ордо калаанын “Улица 1905 года” метро станциясынын алдындагы аянтка “Бирдиктүү Орусия” партиясы чакырган кишилер ошондой эле “Идущие вместе” кыймылы чакырган жаштар Конюшковская көчөсүнө келип ал жерде митинг өткөрүшүп тарап кетти.

Көчөдө бийлик партиясынын кишилери ошентип жүргөндө оппозициячыл күчтөр чакырган бүткүлорусиялык атуулдук конгресс өз ишин баштады. Ал жерде өлкөнүн негизги мыйзамын белгилечү күндүн алынып ташталышы сынга алынган. Биздин кабарчы Любовь Чижова мындай сынды СПС - “Оңчул союздар күчтөрү” партиясынын лидери Гарри Каспаров айтканын кабарлады:

- (Гаспаров – ММ) азыркы бийликтин Конституция күнүн жоюп салышы - (угуучуларга ээскерте кете турган жери – ал күн кийинки жылдан тартып белгиленбей калат) – бул Конституциянын өзүн жоюуга карай жасаган кадам дейт.

Көчөдөн жолуккан кыйлага барып калган атуулдан Орусиянын негизги мыйзамы тууралуу сураганыбызда ал, мындайча жооп берди:

- Мурда 5-декабр - Сталиндик Конституция күнү болуучу. Жакшынакай майрам эле. 7-ноябр сыяктуу ал да жакшынакай майрам эле.

Анын каршысында «ельциндик конституцияны» аңдагандар да бар экени айкын болду. Атын атгысы келбеген атуул, ал жолу негизги мыйзам шашылыш кабыл алынганын эскерди:

- 1993 жылы Ельцин жасаган октябрдик төңкөрүштөн кийин, Жогорку советти кууп таркаткандан кийин, менимче, ошол эле жылы Конституиця да кабыл алынган. Аны референдумда кабыл алгандай болду эле. А кийинки жылы ошол мыйзам негизинде (президентти-ММ) шайлоо өткөн.

Адам укугун коргоочу Сергей Ковалев болсо 1993 жылкы орусиялык аткаруучу бийлик менен мыйзам чыгаруу бийлигинин тирешүүсүнөн келип чыккан кагылышты тарых «Ельциндин «Ак үйдү» танке менен атыруусу» деп жазды», - деп айтты. Кызык жери, орусиялык, ошол, чукулку тарыхтагы окуя, азыркы Украин саргыч ынкылабына абдан окшош жагы бар деп белгиледи:

- Борис Николаевич (Ельцин-ММ) кантсе да ал кезде ачык саясат жүргүзүүнү анча каалабаган сыяктанат. Кеп эми анда эмес. Ал кандай жол тандабасын ал ошол бойдон калды. Азыр, мына ошондой жорук Украинада болуп кетиши ыктымал. Бирок андай болбой калышы да ыктымал, - дейт Ковалев мырза

1993 жылы эл добушуна салып кабыл алынган Негизги мыйзам күн кийинки жылдан тартып майрам күн болуп келген. Келертен тартып ал жоюлганы турат. Бул туурасында мамлекеттик сыналгы эртең менен дагы бир жолу эскертти:

- Майрам күндөрүнүн жаңы ирээтин Мамдума кабыл алуунун алдында турат. Ал ирээтке ылайык 12-июн - «Орусия күнү» делип эл эс алчу күнгө айланат.

XS
SM
MD
LG