Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Украинанын Башкы прокуратурасы президенттикке талапкер Виктор Ющенконун оорусуна байланышкан ишти кароону кайрадан жандантты


Буга австриялык дарыгерлердин Виктор Ющенко диоксин менен ууланган деген билдирүүсү себеп болду
Венадагы жеке менчик клиниканын директору Михаэль Зимпфер ишембиде “соңку бир сутканын ичиндеги текшерүүлөрдөн, анын ичинде кандын анализи бир нече курдай иликтенип чыккан соң Ющенконун оорусуна диоксин себеп болгонунан күмөн калбады”- деп билдирген эле. Ющенко докторлордун кайра текшерүүсүнөн өтүү үчүн Венага жума күнү келген. Быйыл сентябрда ал капыстан ооруп калып, өң-алети өзгөрүп кеткен эле. Ющенко өзү бийликтер аны ууктурганга аракет кылды деп айтып жүргөн. Медициналык текшерүүдөн өткөн украин оппозициясынын лидери бүгүн клиникадан чыгарылган соң Венада өткөн маалымат жыйынында дарыгерлердин диоксинге ууланган деген аныктамасын комментарийлөөдөн баш тартты жана өз тарапкерлеринин аракетин жогору баалаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG