Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Ирактын убактылуу президенти коалицияны сынга алды


Ирактын убактылуу президенти Гази аль-Явар Саддам Хусейин кулагандан кийин өлкөнүн коопсуздук күчтөрүн таркатуу Кошмо Штаттары баштаган коалициянын олуттуу катасы болгон деп билдирди. Ал бул оюн Лондондо Би-Би-Сиге берген интервьюсунда бүгүн айтты. Аль-Явардын пикиринде коргоо жана ички иштер министрлигинин күчтөрүн жоюп жиберүү өлкөнүн коопсуздугун бир кыйла алсыратып салган. Убактылуу президент Ирактын өзүнүн коопсуздук күчтөрү бутуна туруп, майнаптуу иштемейинче мамлекетте абал курч бойдон кала берет деди. Ал ошондой эле 30-январда өтөөрү болжонуп жаткан шайлоолорго карата козголоңчулар каршылыгын күчөтөөрү бышык деген кооптонуусун да ортого салды.

XS
SM
MD
LG