Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Грузия автономияларга өз бийлигин орнотууну дагы бир ирет эскертти


Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өлкөдөн өз алдынча бөлүнүп алган эки автономияга көзөмөлдүк кылуу ниетин дагы бир жолу билдирди. Ал бүгүн Грузиянын жаңы коргоо министри катары Ираклий Окруашвилини тааныштырып жатып өлкөнүн территориялык бүтүндүгүн калыбына келтирүү Окруашвилинин негизги милдети деп айтты. Михаил Саакашвили жыл башынан бери өлкөнүн коргоо министрин ушуну менен үчүнчү ирет алмаштырып жатат. Абхазия менен Түштүк Осетия 1990-жылдардагы ич ара согуштардан кийин Грузиядан бөлүнүп алышкан жана аларга Орусия катуу колдоо көрсөтүп келатат.

XS
SM
MD
LG