Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Үч пакистандык өлүм жазасына тартылды


Сауд Арабия маңзат менен кармалган 3 пакистандыкка карата өлүм жазасын колдонду. Героин ташып баратып колго түшкөндөрдүн башы кылыч менен алынды. Франс-пресстин маалыматына караганда ушуну менен быйыл бул өлкөдө 28 кылмышкерке карата өлүм жазасы колдонулду. Сауд Арабияда исламдын мыйзамдары катуу сакталат жана өлүм жазасы элдин көзүнчө аткарылат. Бул өлкөдө киши өлтүргөндөр, зордуктагандар, чыккынчылык кылгандар, курал менен карактоого баргандар жана маңзаттарды ташыгандар өлүм жазасына кесилишет.

XS
SM
MD
LG