Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

СААКАШВИЛИ КОЛУНДАГЫ КҮЧҮН, ООЗУНДАГЫ БАЛ ТИЛИН КӨРСӨТТҮ


Грузиянын өкмөтүндө өткөн аптада бир катар кайра түзүүлөр жүргүзүлдү. Күч мекемелеринин жетекчилери алмаштырылды. Ал эми президент Михаил Саакашвили өз билдирүүлөрүнүн биринде Грузиянын жикчил чөлкөмдөрүнүн үстүнөн көзөмөл орнотуу үчүн күч колдонууга барышы мүмкүн экенин ишара кылса, экинчисинде аймактык бүтүндүк тынч жол менен гана калыбына келтирлээри жөнүндөгү мурдагы сөздөрүн кайра кайталады.

Грузиянын аскерий жетекчилерине өткөн аптада өлкөнүн жаңы коргоо министри Ираклий Окурашвилини тааныштырып жатып президент Михаил Саакашвили мындай деген эле:

-Мен баарыңар бир нерсени түшүнүүңөрдү каалайм. Коргоо министри акыркы бир жылда эки ирээт алмаштырылганын билем, бул силер үчүн оор. Бирок мен президент катары сөзүмдү берем: Ираклий Окурашвили коргоо министри болуп Грузиянын аймактык бүтүндүгү калыбына келгенге чейин турат. Ал бул жакта иштөөгө ушул жүйөөдөн улам келди.

Президенттикке быйыл январда Саакашвили шайлангандан бери Ираклий Окурашвили Башкы прокурор, ички иштер министринин кызматында иштеп, эки жерде тең туруктуу экенин көргөзгөн.

Анын жетекчилиги астында быйыл ички иштер министрлигинин жоокерлери контрабандага каршы күрөшүү деген жүйөө менен Түштүк Осетия аймагына киргизилген эле. Мындай кадам Түштүк Осетиянын күчтөрү менен кагылышууларга алып барып, 12 жыл мурдагыдай согуш кайра чыгып кетчүдөй жагдай түзүлгөн болчу. Грузия өзүнүн жикчил чөлкөмдөрү катары эсептеген Түштүк Осетиянын да, Абхазиянын да расмий адамдары Ираклий Окурашвилинин коргоо министри болуп дайындалышын терс кабыл алышты. Түштүк Осетиянын тышкы иштер министри Мурат Жиоев Окурашвилини өткөн жайдагы тирешүү үчүн айыптап, грузин бийликтерин күч колдонуудан карманууга чакырды. Абхаз президентинин басма сөз катчысы Роин Агрба да Окурашвилини талашты күч ыкмасы менен чечүүнү көздөгөнү үчүн күнөөлөдү. Ал эми келерки айда Абхазиянын жаңы президенти болору күтүлүп жаткан Сергей Багапш өткөн аптадагы билдирүүлөрүнүн биринде республиканын Грузияга кошулуусу мүмкүн экенин такыр эле жокко чыгарды:

-Мындай маселе каралган жок жана дагы жүз жылча каралбайт болуш керек. Жалгыз гана маселе: Орусиянын мыйзамдары менен укуктук эрежелерин Абхаз республикасында толук колдонулгудай кылуу жагы каралууда.

Грузиянын жаңы коргоо министри болсо Абхазиянын болочок президентинин билдирүүсүн комментарийлеп, Абхазия менен Түштүк Осетиянын үстүнөн көзөмөл орнотуу бир аз гана жылдын иши экенин белгиледи:

-Мен коргоо министри катары беш жылдан ашык иштөөгө ниетим жок. Багапштын эки жолу бар. Ал бул мезгилдин аралыгында мекени Орусияга кетет же бул дүйнө менен коштошот.

Абхазиянын болочок президенти чынында Орусия да эмес, республиканын борбору Сухимиде эле туулуп өскөн. Ал грузин коргоо министринин сөздөрүн "жеке коркутуу" катары баалап, өз тынчыздануусун айтты.

Түштүк Осетия да, Абхазия да иш жүзүндө Грузиядан 1990-жылдардын башынан бери көз карандысыз. Президент Михаил Саакашвили өлкөнүн аймактык биримдигин өзүнүн алгачкы беш жылдык мөөнөтү ичинде калыбына келтирүүнү убада кылууда. Орусиянын жардамы менен ал быйыл майда Ажарияга борбордук өкмөттүн көзөмөлүн орноткон.

Ал өткөн аптада түшүнүксүз коркутууларынан соң жикчил аймактардын маселелери тынч жол менен чечилери жөнүндөгү мурдагы убадаларын да кайра кайталады. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен жолугушууда муну "саясий маселе" деп атаган Саакашвили акыр аягында жикчил республикалар менен окшош тил табарына ишеним билдирди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG