Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

“Фридом Хауз” жылдык баяндамасын жарыялады


Эл аралык «Фридом-Хаус» укук коргоо уюму дүйшөмбүдө Орусияга «Эркин эмес өлкө» деген жарлык ыйгарды. Уюмдун аткаруучу деректири Женифер Уиндзордун сөзүнө караганда ага өлкөдө бийликти бир колго топтоо аракетинин кулач жайышы, маалымат каражаттарын кысмактоо жана аткаруу тармагынын саясатташып кетиши себеп болгон. Укук коргоочулардын пикиринде Орусия авторитаризмге карай ыктап баратат. Аталган уюмдун жылдык билдирүүсүндө Украина менен Грузияда адам укуктарына байланышкан жагдай жакшырганы , ал эми Беларус, Армения жана Литвада бул багыттагы абал начарлаганы белгиленген. Ал эми Кыргызстан 6,5 балл өлчөм менен эркин эмес деп аталган өлкөлөрдүн катарынан 5,5 балл алган өлкөлөрдүн тобуна кошулуп, бул жаатта өлкөдө былтыркыга караганда бир аз жылыш байкалган.


Эл аралык кабарларды Шайырбек Эркин уулу даярдады, Прага.

XS
SM
MD
LG