Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Кыргызстан эркин эмес өлкөлөр катарындабы?


БИШКЕК. «Фридом хауз» уюму 2004-жыл ичиндеги дүйнө жүзүндөгү эркиндиктин абалы боюнча отчетун жарыялады. Анда Кыргызстан 49 эркин эмес мамлекеттердин катарына кирген. Кыргызстандын бул тизмеге кирүүсүнө карама-каршылыктуу конституциялык реформа жана анын жыйынтыгында президенттин ыйгарым укугунун күчөтүлүшү, атуулдардын демократиялык жол менен бийликти алмаштыра албашы, коррупциянын жайылышы, эркин жыйналуу укугунун дайыма эле сакталбашы себеп болду, деп жазылган отчетто. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев «Фридом хауздун» отчетунда бир жактуулук бар экенин билдирсе, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов берилген баанын тууралыгын белгиледи. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов Кыргызстан Европа талаптары боюнча эркин эмес экенин, бирок такыр эле эркиндик жок деген баага да кошула албасын билдирди.

XS
SM
MD
LG