Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Британ премьер-министри Израилге жана Палестинага барды


Британ премьер-министри Тони Блэр 22-декабрда Иерусалимде Израильдин премьер-министри Ариэл Шарон менен Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тони Блэр жөөт-палестин тирешүүсүн жөнгө салыш үчүн эмдиги жылы Лондондо эларалык конференция өткөрүүнү сунуш кылды. Ариэл Шарон менен сүйлөшүүдөн кийинки пресс-конференцияда Британ премьер-министри мындай деди,

Палестин тарап тынчтыкты орнотууга кол кабыш кылууга биздин даяр экенибизге көзү жетип турганына ишенем.

Ал эми Шарон болсо “эгер палестинанын жаңы жетекчилиги терроризмге каршы күрөштү баштаса Израил сүйлөшүүлөрдү баштоого жана Газа секторунан күчтөрдү алып кетүүгө даяр” деп билдирди.

Израиль тарап буга чейин тынчтыкты орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоодон мурда палестин жетекчилиги жөөттөргө кол салып жаткандарды тыйышы керек деп баш тарткан болчу.

Тони Блэр Израилден кийин Палестинага барды. Рамаллада аны менен жолугушуудан кийин палестин лидери Махмуд Аббас эгер Лондондо эмдиги жылы эларалык конференция өтсө бул Жакынкы Чыгыштагы абалды жакшыртууга жасалган жакшы кадам болот деп билдирди. Блэр – Палестинанын мурдагы лидери Ясир Арафат каза тапкандан кийин Жакынкы Чыгышка барган биринчи жогорку даражадагы чиновник.

Эртең менен болсо Израилдин куралдуу күчтөрү Газа тилкесиндеги качкындардын Хан-Юнис лагерине кирди жана ал жерде ракета менен ыктымал атуулардын алдын алышмакчы.

XS
SM
MD
LG