Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Кыргызстан органикалык булгагычтарга каршы күрөшүү Конвенциясына кошулат


БИШКЕК. Кыргызстанда тутумуна туруктуу органикалык булгагычтар кирген 113 химиялык кампа бар жана алардын 76сы кыйроо абалында турат. Муну атайын комиссия иликтеп чыгып, Координациялык кеңештин тармактар аралык отурумунда жарыялады. Бирок, комиссиянын маалыматында, органикалык туруктуу булгагычтардын толук эсебин алуу мүмкүн болбой жатат жана ага архивдик документтердин так эместиги, бирдиктүү маалыматтын жоктугу тоскоол болууда.
Адистердин айтымында, жашоо-турмушта күнүгө жолугуучу туруктуу органикалык булгагычтардын өтө опурталдуу 12 түрү бар. Чет өлкөлөрдөн ташылып келген товарлардын тутумунда алар адатта жер иштетүү, зыяндуу жандыктарга каршы күрөш, кийим-кечелерди тазалоо өңдүү иштерде кеңири пайдаланылат жана ал адамдын ден соолугуна тескери таасир этет. Мындай туруктуу органикалык булгагычтарга каршы күрөшүү максатында 2001-жылы Эл аралык Стокгольм Конвенциясы кабыл алынган. Бул Конвенцияга Кыргызстан 2005-жылы кол коеру күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG