Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

ЮКОСтун НЕГИЗГИ ИШКАНАСЫН МАМЛЕКЕТ САТЫП АЛДЫ

Муса Мураталиев, Москва «ЮКОС» концерни өзүнүн эң негизги ишканасы «Юганскнефтегазды» сатып алган тараптан 20 миллиард доллар компенсациялык каражат талап кылганы атат. Хьюстон шаарында өткөн америкалык сотто «ЮКОСтук» өкүл Ричард Минц бул соодага катыштыгы бар ар бир компанияга каршы «ЮКОС» укуктук аракет жаcай тургандыгын эскертти. 19-декабрде «Юганскнефтегаздын» акциясын буга дейре аты-жөнү белгисиз «Байкалфинансгруппа» сатып алган. Андан эми, мурунку түнү, мамлекеттик компания «Ростнефть» сатып алганы белгилүү болду. Журналисттер менен болгон жолугшууда президент Путин мындай көрүнүштү «нормалдуу» деп атады.

Кызык жери, орусиялык лидер кечөө, б.а. 22-декабрде, Германияда журналисттер алдында “Юганскнефтегаз” акациясын мамлекеттик ишкана сатып алса болот деп кыйытып ой айтты эле. Орусиялык агенттиктер таркаткан маалымаатка караганда, 23-декабрге караган түнү “ЮКОС” негизги ишканасынын акциясын сатып алган буга дейре аты-жөнү анча белгисиз “Байкалфинансгруппа” ал акцияларды мамлекеттик мунайзат компания “Роснефтке” сатып жиберген.

Бул күнү болсо, Кремлде өткөн журналисттер менен жолугушуу маалында орусиялык жетекчи “ЮКОС” ишканасынын акциясын “Роснефттин” сатып алышын “нормалдуу көрүнүш” деп баалады. Ал жерде президент: 90-жылдар башында өткөрүлгөн менчиктештирүүдө, ал кездеги мыйзам арибин бузуу жолу менен рынокко катышкандардын канчасы көптөгөн миллиард (доллар турар – ММ) мамлекеттик менчиктерди ээлеп алышкан, - деп айтты. Андан аркы кебинде:

Бүгүн болсо мамлекет, рыноктук толук легалдуу механизмди пайдаланып, өзүнүн кызыкчылыгын камсыз кылып атат. Муну мен нормалдуу көрүнүш деп эсептейм, - деди Владимир Путин.

“Юганскнефтегаз” акциясынын мамалекеттик компания колуна өтүшүн рыноктук анализчилер Техаста чыгарылган сот өкүмүн алсыратчу фактор дешет. Орусиялык өкмөт суверендүү иммунитетке ээ, ошондуктан анын активдерин башка өлкөлөрдүн камоосу аябагандай кыйын болот дешет.

Айта кете турган жери, буга дейре Хьюстондук сот «ЮКОС” активинин сатылышына тыюу салган. Ошондуктан кечөө, «ЮКОС” компаниясынын өкүлү Юрий Котляр мындайча билдирүү жаcады:

Бул беймыйзам жазалып аткан соода-сатыкта роль ойногон ар бир тарапка биз доо коебуз. Биз ушул маалымат менен бул сооданын мыйзамсыз экенин эскерттик. Акцияларды сатып алган тапка коюлучу доо аларга да коюлат, - деди ЮКОСтун өүлү.

Бул кармашка, бийлик менен жеке менчик ээсине караганда, карапайым орусиялыктар кайдыгер экени байкалат. Маселен, көчөдөн жолуккан орусиялыктар мындай дейт:

Бул, меничме, менчикти бөлүштүрүү болуп аткандай. Кадыресе, бийлик бирөөдөн алып бирөөгө берип аткан сыяктанат, - дейт орто жаштарга барып калган аял.

Жогору жакта олтургандарга көбүрөөк белгилүү. Алар кандай кааласа ошондой болот. Бул жерде эч ким аларга тоскоол боло албайт, - дейт орто жаштарга келип калган киши.

Кийин келген маалыматтарга караганда, «ЮКОС» концерни өзүнүн эң негизги ишканасы «Юганскнефтегазды» сатып алган тараптан 20 миллиард доллар компенсациялык каражат талап доо арызын киргизмекчи.

Иши кылып “ЮКОСтун” кыйроосу ушуну менен эле аяктап ийбейт сыяктанат

«ЮКОС» концерни өзүнүн эң негизги ишканасы «Юганскнефтегазды» сатып алган тараптан 20 миллиард доллар компенсациялык каражат талап кылганы атат. Хьюстон шаарында өткөн америкалык сотто «ЮКОСтук» өкүл Ричард Минц бул соодага катыштыгы бар ар бир компанияга каршы «ЮКОС» укуктук аракет жаcай тургандыгын эскертти. 19-декабрде «Юганскнефтегаздын» акциясын буга дейре аты-жөнү белгисиз «Байкалфинансгруппа» сатып алган. Андан эми, мурунку түнү, мамлекеттик компания «Ростнефть» сатып алганы белгилүү болду. Журналисттер менен болгон жолугшууда президент Путин мындай көрүнүштү «нормалдуу» деп атады.

XS
SM
MD
LG