Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Башкы прокурор мамлекет башчысына мураскор болуу тууралуу айың кебин жокко чыгарбайт


БИШКЕК. «Мен 2005-жылы боло турган парламенттик шайлоого талапкер болуп катышпайм» деп жооп берди Кыргызстандын Башкы прокурору Мыктыбек Абдылдаев 23-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында журналистердин суроолоруна жооп берип жатып. Ошондой эле ал журналистердин «мамлекет башчы Аскар Акаев сизди келээрки президенттик шайлоодо өзүнүн мураскору катары калтырышы ыктымалбы, деген суроосуна «соңку мезгилдери мен да ушундай айың кептерди угуудамын» деп жогорудагыдай айың кепти жок же бар деп жокко чыгарган жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2005-жылдын октябрь айында өткөрүлөт. Айрым байкоочулардын айтымында, мамлекет башчы өзүнүн мураскорун жаңы жылдын алдындагы элге кайрылуусунда же парламенттик шайлоодон кийин аташы ыктымал.

XS
SM
MD
LG