Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Эсеп палатасы Талас облусундагы кайрымдуулук фондунун ишиндеги кемчиликтерди ачып чыкты


ТАЛАС. Эсептөө палатасынын документтеринде «БМДСК» деп аталган фондго быйылкы жылдын 30-сентябрына чейин Бишкек, Талас шаарларында өткөрүлгөн марафондордун жана бюджеттик кызматкерлерден 9 млн. 984 миң сом каражат топтолгондугу тастыкталат. Бирок бюджеттик кызматкерлерден 600 миң сом мыйзамсыз топтолгон. Каражаттын дээрлик бардыгы Талас шаарынын жана облустун 60 жылдыгына даярдануу жана өткөрүүгө жумшалган. Бирок каражаттарды чыгымдоодо да олуттуу мыйзам бузууларга жол берилген. «Билим, маданият, ден-соолук, спорт, кайрымдуулук» деп аталган фонд 1998-жылы 25-февралда облустун ошол мезгилдеги губернатору Темирбек Акматалиевдин демилгеси менен түзүлгөн жана ошол мезгилден бери бюджеттик кызматкерлерден, пенсионерлерден, элден каражат топтоо менен кайра эсеп-чоту берилбеген иштерди бүткөрүүгө калканыч уюм болуп келүүдө.

XS
SM
MD
LG