Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:21

ЖАҢЫ ПАСПОРТ МАСЕЛЕСИ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ КАРАЛАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнкү отурумунда Кыргызстандыктарды жаңы паспорт менен камсыз кылуу маселеси карайт. Ага өкмөт башчы Николай Танаев, президенттик админстрация жана бардык тартип коргоо кызмат өкүлдөрү катышат.

Атуулдарга жаңы паспорт берүү маселеси өткөн аптада Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу жыйындарынын отурумдарында каралды. Аталган маселе мыйзам чыгаруу жыйынында талкууланганда, жарандарды паспорт менен камсыз кылууда аткаруу бийлик өкүлдөрү тарабынан олуттуу мыйзам бузууларга баргандыгы орун алган. Ошондой эле атуулдарды паспорт менен камсыз кылуу милдети жүктөлгөн өкмөттүн алдындагы Маалымат технологиясы жана кызмат көрсөтүү агенттигинин башчысы Юрий Лысагоров бир эле мезгилде Орусиянын жана Кыргызстандын атуулу экендиги айтылып, аны жумуштан алуу демилгеси көтөрүлдү. Буга байланыштуу айрым депутаттар:

- Кыргызстандын коопсуздугуна байланыштуу маселе көтөрүлүүдө. Жарандарды паспорт менен камсыз кылуу милдети жүктөлгөн мамлекеттик органдын жетекчиси башка өлкөнүн жараны дегендик абдан кооптуу нерсе. Ошондуктан бул маселени Кыргызстандын бардык тиешелүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда карайлы. Аларга бул маселе боюнча тергөө жүрүзүүнү тапшыралык.
деген депутат Темир Сариев. Ал эми Юрий Лысагоров болсо, өзүнүн Орусиянын эмес, Кыргызстандын жараны экендигин айтып депутаттардын айыптоосун четке кагууга аракет жасады. Талкуу соңунда депутаттар маселени жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда карап, отурумдун жүрүшүн толук бойдон телекөрсөтүү аркылуу элге көрсөтүү тууралуу токтом кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG