Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:40

А.Акаев: Украина, Грузиядагыдай кырдаалга аеосуз сокку уруу керек


БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаев 26-декабрда Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясы аркылуу түз эфирге чыгып, өлкө атуулдарынын айрым суроолоруна жооп берди. Президент айрыкча алдыда болуучу парламенттик жана президенттик шайлоону баш мыйзамдын жана демократиянын негизинде, ачык-айкын, калыстык менен өткөрүлөөрүн белгиледи. Ал эми учурда түзүлүп жаткан “Кыргызстан элдик кыймылы” сыяктуу саясий күчтөр өлкөдө “Украина, Грузиядагыдай абал түзбөшү үчүн аеосуз сокку уруш керек”-деген пикирин билдирди.

-Мына ушундай кыймылдар элдикпиз деп, эл аралык уюмдардын “заказы” менен элди бүлүндүрүп,бөлүп жарган кыймылдарга мен каршымын. Мындай кыймылдардын бизге кереги жок. Революция жасайбыз деп максат койгон, элдик деп аталган бирикмлердин чакыруусуна түп тамыры менен каршы болуп, сокку урушубуз керек. Ошондо гана биз шайлоолорду демократиялык маанайда өткөрүп алабыз жана экономикбызды өнүктүрүп, элдин турмушун оңдоп кете беребиз.

-деди Аскар Акаев. Ал ошондой эле мамлекеттин экономикалык жактан өсүшү бар экендигин белгиледи. Алдыда Күрпсай ГЭСин, алюминий заводун, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу багытындагы иштерге токтолду. Президент жаштар маселесине жана коомдогу өнүгүү багытындагы айрым маселелерге байланыштуу суроолорго жооп берди. Түз эфир байланышы 1,5 саатка созулду.

XS
SM
MD
LG