Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Малик Калчекеев Кыргызстанга биротоло келет


БИШКЕК. Беслан окуясында барымтага алынган окуучулардын бири Кыргызстандык улан Малик Калчекеев үй-бүлөсү менен жаңы жылдан кийин биротоло мекенине кайтып келет. Бул тууралуу Маликтин Кыргызстандагы туугандары кабарлашты. Алынган маалыматка караганда, Маликтин атасы жана карындашы, Кыргызстанда жана алар Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева менен жолугушуу үчүн Караколго кетишти. Буга чейин Ысыккөл облусунун губернатору Малик Калчекеевди Кыргызстанга чакырып, анын үй-бүлөсүн турак үй менен камсыздоону убада кылган. Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектептердин биринде барымтада калган Малик Калчекеев 100дөгөн өзүнүн замандаштарынан айырмаланып, террорчулардын аткылоосунан аман кутулган. Бирок, учурда дарыгерлер ага байкоо жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG