Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Американын куралдуу күчтөрү 25 козголоңчуну жок кылды


29-декабрда Ирактын Мосул шаарында Американын куралдуу күчтөрү 25 козголоңчуну жок кылды. Айыгышкан кармаш Кошмо Штаттарынын жоокерлери турган жерге жанкечти жакын келип, өзүн өзү жардырып жибергенден кийин башталган. Багдадда козголоңчулар ливандык эки бизнесменди барымтага алып кетишти. Ирактын борборунда мындан тышкары болгон жардыруулардан кеминде 28 адамдын курман болгондугу айтылды. Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш Техаста сүйлөгөн сөзүндө мындай айыгышкан каршылыктарга карабай Ирактагы шайлоо мурда белгиленген мөөнөттө - 30–январда өткөнү оң деп билдирди.

XS
SM
MD
LG