Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Ысыккөлдө оппозициячыл күчтөрдү колдой турган чиновниктерге эскертүү жасалды


КАРАКОЛ. Ыссыккөл облусунун жетекчилиги алдыдагы парламенттик шайлоого карата жыйын өткөрүп, оппозициялык күчтөрдү колдогон чиновниктер ээлеген кызматтарынан бошотула тургандыгын эскертти. Жыйынды Ысыккөл облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Ырысгүл Орозакунова алып барды. Орозакунованын айтымында, 2005-жылдын 27-февралында өтүүчү парламенттик шайлоодо саясий упай топтоо аракетин көргөн оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын саясий оюндары башталды. Кыргызстанда Украинадагы, Грузиядагы саясий окуялардын кайталанбашы үчүн улуттук идеологияны күчөтүү зарыл. Ошондой эле оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды ээрчип, алардын сөзүн сүйлөгөн айрым агымдарды токтотуу үчүн пенсия, пособие, жылуулук, электр жарыгы жана башка турмуштук көйгөйлөрдү жеринде чечип, элдин суроо талаптары толук аткарылышы керек. Ал эми жергиликтүү жетекчилердин жоопкерчилиги күчөтүлөт. Элдин ыркын кетирген ынтымакты ыдыраткандарга жан тарткан жетекчилердин тагдыры бир саатта чечилип, катуу талап коюлат, деди Орозакунова.

XS
SM
MD
LG