Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Цунами коркунучу басыла элек


Дүйнө өлкөлөрү жана соопкерчилик уюмдары Түштүк Азияда жекшемби күнү болгон цунамиде үй-жайсыз калган миллиондогон адамдарды гуманитардык жардам менен камыздашууда. Ага карабай, келерки жумаларда көптөгөн адамдар азык түлүктүн жана дары-дармектин тартыштыгынан каза болушу мүмкүн экенин эскертилүүдө.
Улуттар Уюму дүйнө өлкөлөрү кеминде 220 миллион долларга жардам убада кылганын маалымдады.
Президент Жорж Буш табигый кырсыкта жабыр көргөн өлкөлөргө көмөктөшүү боюнча Америка Кошмо Штаттары, Япония, Индия жана Австралия курамындагы топ түзүлгөнүн шаршемби күнү жарыя кылды.
Индиянын түштүк жээгинин калкы дагы жаңы цунами болушу ыктымал деген коркунучтан улам кооптуу аймактарга качышууда.

XS
SM
MD
LG