Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Ош шаарында «Регион», «Итоги недели» деген аталыштагы көз карандысыз басылмалар жарык көрө баштады.


ОШ. «Регион» гезити кыргыз тилинде 3 миң нускадан жумасына бир жолу басылып чыгууда. Ал эми «Итоги недели» гезити орус тилинде чыгып, бул дагы 3 миң нуска менен жумасына бир ирет жарык көрүүдө. Эки көз каранды эмес басылма тең Бишкек шаарындагы «Фридом хаус» басмаканасынан басылып, Ош, Жалалабад жана Баткен облустарынын аймагына таркатылып жатат. Башкы редакторлор Алишер Токсонбаевдин жана Светлана Гафарованын билдиргенине караганда, басылмалар парламенттик шайлоолор учурунда тең салмактуулукту, калыстыкты жана бей тараптуулукту кармануу менен саясий өнөктүк жараяндарынын жүрүшүн ачык, так жана тайманбастан объективдүү чагылдырууга бел байлашууда.

XS
SM
MD
LG