Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

«Алга, Кыргызстан» шайлоого өзүнчө барат


БИШКЕК. «Алга, Кыргызстан» партиясынын кезектеги курултайы 10-январда Бишкектеги Токтогул атындагы мамлекеттик филармонияда болот. Бул тууралуу партиянын жетекчилеринин бири Мелис Жунушалиев 3-январда билдирди. Анын айтымында, курултайда төрт маселе каралат. Анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү, партиянын шайлоо программасын бекитүү маселелери бар. «Алга, Кыргызстан» партиясы бир мандаттуу 75 шайлоо округунун жарымына өз талапкерлерин көрсөтүүнү болжоп жатат. Ал эми «Адилет» жана «Менин өлкөм» сыяктуу партиялар менен шайлоо блогун түзүүгө барбайт, деп белгиледи Мелис Жунушалиев.

XS
SM
MD
LG