Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Түркмөнстан менен Украина газ жеткирүү боюнча жаңы келишимге кол коюшту


ИТАР-ТАССка ылайык, Түркмөн президенти Сапармурад Ниязов келишимге Украинанын Нафтогаз компаниясынын жетекчиси Юрий Бойко менен кол койгонун билдирди. Ниязовдун айтымында, Түркмөнстан Украинага газды мындан ары 1 миң куб метрин 58 доллардан сатат. Ниязов ошондой эле Түркмөнстандын Орусиялык Газпром менен да сүйлөшүү жүргүзүп жаткандыгын бышыктады. Түркмөнстан мурда Украинага жана Орусияга жаратылыш газын миң куб метрин 44 доллардан сатчу. Баа чатагына байланыштуу Түркмөнстан эки өлкөгө газ жиберүүнү 31-декабрдын түнүндө токтотуп койгон эле.

XS
SM
MD
LG