Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:57

Н.Танаев жер көчкүнү болтурбоо жолун иликтейт


БИШКЕК.Премьер-министр Николай Танаев 6-январда Жумгал районундагы Минкуш шаарчасынын жанындагы Туюксуу аймагына барат. Мындай маалымат өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды. Өкмөт башчы көлөмү 700 миң кубметрге жеткен жер көчкүнү көрүп, аны токтотуу үчүн кандай чара көрүү керектигин адистер менен ошол жерде талкуулайт. Минкуш шаарчасынын жанындагы Туюксуу деген жерде жер көчкү жүрүү коркунуч өткөн жылдын аягында пайда болгон. Адистердин эсеби боюнча. ал жер көчкү жылып кетсе совет доорунда уран калдыктары көмүлгөн жерди кошо жууп, анын айланасы гана эмес жалпы регион экологиялык алааматка туш болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG