Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Түркмөнстан газдын баасын доллардын наркы түшкөндүктөн көтөргөн.


Түркмөн президенти Сапармурат Ниязов кечээ күнү журналисттер менен жолугуп, Орусия менен Украинага жөнөтүлгөн газдын баасы көтөрүлгөндүн себеби америкалык доллардын наркы төмөн түшкөн менен байланыштуу деп билдирди: "Анын артында эч кандай саясий себеп жок. Келишимдерди түзгөндө, биз доллардын наркы анча-мынча төмөн түшөөрүн эске алганбыз, бирок ал 35 пайызга ылдый түшүп кетпедиби".Бир миң куб метр газдын баасы 44 доллардан 58 долларга чейин көтөрүлгөнүнө Москва менен Киев каршы чыккандыктан, Ашгабат газ жиберүүнү ишемби күнү токтотуп салган. Дүйшөмбү күнү Украина менен Түркмөнстан ортосунда жаңы келишим түзүлдү. Ниязовдун айтымында, Түркия Түркмөнстанга жаңы газ куурун жаткырып жатат.

XS
SM
MD
LG