Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

15-январдан баштап баардык министрликтерде кыргыз тили боюнча адисттер кызматка алынат


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтүнүн “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында уюштуруу жана материалдык-техникалык шарттары боюнча чаралар жөнүндөгү” токтомуна ылайык ушул жылдын 15-январынан тартып республикалын бардык министрликтеринде, ведомстволуктарында мамлекеттик тил боюнча адистин жана кыргыз тилине котормочулардын штаттык кызматтары киргизилет. Мындай маалыматты президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билдирүүсүнө таянып «Кабар» агенттиги таратты. Маалыматка караганда, кыргыз тилинин окутуучуларын жана котормочуларын даярдоо, мамлекеттик тилдеги окуу китептерин, окуу-колдонмо куралдарын, сөздүктөрдү чыгарууну жана даярдоону камсыздоо боюнча Каржы министрлиги тарабынан бардык чаралар көрүлүүсү зарыл.

XS
SM
MD
LG