Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүлдү


БИШКЕК. Борбордук Шайлоо комиссиясынын алдында парламенттик шайлоо алдында үгүт жүргүзүү иштери жөнүндөгү мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына Борборшайлоокомдун, маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирип, төрагалыгына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Туйгуналы Абдраимов дайындалды. Анын билдирүүсү боюнча учурда Борбордук Шайлоо комиссиясына жер-жерлерден шайлоо алдындагы үгүт иштери мөөнөтүнөн мурда башталып жактандыгы тууралу билдирүүлөр түшүүдө. Борбордук шайлоокомдун алдында түзүлгөн комиссия Жогорку Кеңешке талапкерлер тарабынын үгүт иштеринин алдындагы мыйзам бузуулары боюнча, алардын маалымат каражаттары аркылуу Шайлоо Кодексиндеги нормаларды бузуулары боюнча фактылар топтолот. Эгерде талапкерлердин мыйзам бузуулары тастыкталса, алар парламентке
ат салышуудан четтетилишет.

XS
SM
MD
LG