Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА ТЫНЧТЫК ОРНОЙБУ?


Шайырбек Эркин уулу, Прага 9-январда Палестин автономиясында президенттик шайлоо өтөт. Палестин лидери ыраматылык Ясыр Арафаттын ордуна негизги талапкер катары Махмуд Аббастын ысмы аталууда. Алдыдагы шайлоо жакынкы чыгыштагы араб-жөөт чатагын жөнгө салуунун негизги мүмкүнчүлүгү болот деген божомолдор айтылууда. Бирок шайлоо жакындаган сайын Газа тилкесинде кырдаал курчууда.

Палестин автономиясынын башчылыгы үчүн негизги талапкерлердин бири Махмуд Аббастын Израилге каршы аракеттерди токтотуу тууралуу пикири Жакынкы чыгыштагы тынчтык жараянын жөнгө салууга үмүт арттырды.Аббастын мындай мүдөөсү өткөн айда расмий Вашингтон тарабынан да колдоо тапкан эле. Бирок акыркы күндөрдөгү Газа тилкесиндеги атышуулар кырдаалды башка өңүткө буруп жибергени айтылууда.

Шейшембиде аталган аймакта Израилдин танктарынын огунан 7 палестин мерт болду.Израилдин танктары Бейт-Лахия деген шаарчаны көздөй ок чыгараардан мурда палестин согушкерлери Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы көзөмөл бекетине бир нече жолу ракета атышкан. Палестин тараптын маалыматына караганда, курман болгондор 11-17 жаштын аралыгындагы өспүрүмдөр. Израил тарап болсо курман болгондордун көбү чоңдор, арасында согушкерлер бар экенин билдирди. Буга дейре Израил менен куралдуу күрөшкө каршы экенин айтып жүргөн Махмуд Аббас бул окуядан соң Израилди айыптап, "сионист душман" деп атады:

-Биз бүгүн сионист душмандардардын Бейт Лахияда атылган огунан шейит болгондордун руху үчүн дуба кылабыз.

Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом Аббастын мындай билдирүүсүн сынга алды:

-Махмуд Аббас биз көптөн бери укпаган сөздөрдү айтты. Ал шайлоо өнөктүгү маалында бул сыяктуу билдирүүлөрдү жасабасына ишеним артабыз.

Ушул жылдын башында Махмуд Аббас Рафахтагы качкындар лагерине барганда аны миңдеген палестиндер колдон-буттан алып төбөсүнө көтөрүп алышкан жана ыраматылык Ясыр Арафаттын ордуна аны шайлоого даяр экенин билдиришкен эле. Аббас анда элге кайрылып, Рафах кысым алдында күн өткөрүп жатканы менен анын эрки майтарылган жок деп айткан. Ошондой эле ал Израилдин таңуулоосуна карабай палестин экстремисттерине каршы чара көрүүгө ниеттенбегендигин билдирген.
Лондондук талдоочу Тури Мунзе Аббас шайлоочулардын көп добушун алуу аракетинде деп эсептейт:

-Биз акыркы жылдарда өзүн өтө байыстуу тутуп келген Аббас шайлоо учурунда көп добуш алууга аракет кылып жатканын көрүп жатабыз.

Премьер-министри Ариел Шарон болсо Палестин автономиясынын жаңы жетекчилиги терроризмге каршы күрөшөөрүнө ишенээрин шейшембиде дагы бир ирет кайталады:

-Палестин автономиясынын жаңы жетекчилиги терроризмге каршы күрөшөөрүнө жана реформаларды алга жылдыраарына үмүт артабыз.Биз ошондо гана мен мурда белгилегендей коопсуздук маселесин, Газадан чыгып кетүү планын координациялоого макул болобуз.

Ал эми Аммандагы эл аралык кризистик топтун талдоочусу Моуин Раббанинин пикиринде:

-Эгер Аббаста согушчандардын чабуулдарын токтотуучу планы болуп, курал-жарагын тапшыртууга жетишсе ошондо гана фракциялар менен лашкер башчыларын башкара алат, жакында Израил окупациясы аяктаганы жатат. Андан соң согушчандар өз чабуулун улантууга абдан аракет кылышат.

Израилдин “Хаарез” басылмасынын кабарчысы Лили Галили Газадан жөөт конуштарын чыгарып кетүү менен Израил анын үзүрүн көрүшү керек деп эсептейт.

-Эгерде израилдиктер басып алган жерлерден чыгып кетсе, анын акысына Израилдин коопсуздугу бекемделгенин коомчулук сезиши керек. Азыр биз эч нерсени көргөнүбүз жок. Себеби, өлкөнүн түштүгүндөгү израил жарандары палестин раекталарынын аткылоосуна, бомба чабуулуна кабылууда.Мындай болсо тынчтыкка жетүүгө мүмкүн болбойт. Газадан жөөт конуштарын чыгарып кетүү менен биздин элдин тынчтыгы камсыздалышы керек.

АКШ бийликтери Буштун админстрациясы Палестинага көмөк көрсөтүү маселесин карап жатканын билдирди. Бул билдирүүгө караганда Палестин автономиясынын жаңы жетекчилигине колдоо иретинде 200 миллион долларга чейинки каражат сунушталат. Бирок автономия жетекчилиги ага жооп иретинде Израилдиктерге зомбулук көрсөтүүнү токтотуп, реформаларды ишке ашырууга тийиш.

XS
SM
MD
LG