Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

ЕВРОПА СУУ ТАШКЫНДАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ ЖАРДАМ БЕРМЕКЧИ


Нарын Айып, Бишкек. 6-январда Индонезиянын борбору Жакарта шаарында өткөн эл аралык жыйында жер титирөө менен цунамиден жапа чеккендерге төрт миллиард доллар жардам көрсөтүлө турганы жөнүндө жарыяланды, анын жарымына жакыны Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөн берилет. Анткен менен кээ бир эксперттер андай убадалар айрым учурларда аткарылбай калат деп тынчсызданууда.

Жакартадагы жыйында Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан эл аралык өкүлдөргө кайрылып, убадаланган жардамды чындап эле тез арада жапа чеккендерге жиберүүнү суранды.

Эксперттердин айтымында, мурда болгон бир нече кырсык учурунда дагы көптөгөн жардам убадаланган, бирок айрым учурларда муктаж адамдарга анын үчтөн бири гана жеткен.

Англиялык "Индепендент" гезитинин 7-январда жазып чыкканына караганда, 1998-жылы Борбор Америкада болгон кырсыктан жапа чеккендерге тогуз миллиард доллар убада кылынган, бирок чындыгында анын үч миллиарды гана берилген.

2000-жылы Африканын Мозамбик мамлекетинде болгон суу ташкынына кабылгандарга 300 миллион доллар берилет деп айтылган, чындыгында өлкө анын жарымын гана алган. 2003-жылы Ирандын Бам шаарында болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга 32 миллион доллар убадаланган, бирок чындыгында 18 миллионго жакын гана жардам келген.

Түштүк-Чыгыш Азияда 26-декабрда болгон жер титирөө жана андан чыккан толкундан жапа чеккендерге төрт миллиард доллар эл аралык жардам убада кылынды.

Европа Комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозунун айтымында, ал жардамдын жарымына жакыны Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөн келүүгө тийиш:

"Европа Биримдигинин уюмдарынан жана Биримдикке кирген өлкөлөр тарабынан грант түрүндө бериле турган жардамдын жалпы көлөмү бир жарым миллиард евро, же эки миллиард долларга жетет".

Бул жардамдын үчтөн бирине жакынын - 680 миллион долларды Алмания бөлмөй болду.

Анткен менен кээ бир эксперттер европалык мамлекеттерди убадаланган жардамды толук өлчөмдө эмес же өтө жай, кеч берет деп күнөөлөйт. Андан тышкары, акчалай жардам менен кошо жапа чеккен аймактарга техника, аскер, медицина кызматкерлери жана башка көмөк керек жана бул жагынан алганда дагы европалык өлкөлөр АКШ же Жапония сыяктуу мамлекеттерден артта калууда.

Мисал үчүн, Таиланд, Индонезия жана Шри Ланкага АКШ 13 миң аскер жиберди, андан тышкары 20 америкалык кеме, ондогон учак менен тик учмалар жергиликтүү калкка жардам көрсөтүүдө.

Индия жапа чеккен аймактарга 16 миң аскер жана ондогон кеме жиберди.

Европа мамлекеттери болсо анте алган жок жана кээ бир эксперттердин пикиринде, маселе - Европа Биримдигинин ичинде чукул кырдаалдар учурунда кантип аракеттенүү тууралуу бир пикир жок экендигинде жана уюмдун биргелешкен аскерлерин түзүү идеясы дагы көптөн бери колдоого алынбай келет.

Ушу сыяктуу маселелерди талкуулоо үчүн Биримдикке кирген мамлекеттердин тышкы иштер, саламаттык сактоо жана өнүгүү министрлери 7-январда Брюссел шаарында шашылыш жыйынга чогулду.

Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднердин айтымында, гуманитардык жардам көрсөтүү максатында беш миң аскерден турган атайын топ түзүү керек. Айрым башка саясатчылардын пикиринде, Европа Биримдигинде ыкчам аракеттенүүчү күчтөр болгону да жакшы, бирок кээ бир башка саясатчылар НАТО уюму турганда Биримдикке эч кандай кошумча аскердин кереги жок деп эсептейт.

Андан тышкары министрлер - жиберилген жардамды бөлүштүрүү учурунда мүмкүн боло турган корупцияга каршы күрөшүү маселелерин дагы талкууга алды.
XS
SM
MD
LG