Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Улуттар уюму топон суу алааматты болгон жерде балдарды уурдоо орун алып жатканын билдирди


ЖАКАРТА. Улуттар уюмунун алдындагы ЮНИСЕФ топон суу алааматты болгон жерде балдарды уурдоо орун алып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Уюм бүгүн балдарды уурдоо учуру алгачкы жолу катталганын жарыялады. Ал эми эл аралык миграция агенттиги балдардын уурдоого байланышкан 7 учур катталганын билдирди. Анын аралыгында Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан бүгүн Индонезиянын Инд мухитининин кылаасындагы Ачех провинциясын вертолет менен кыдырып көрүп чыкты.

Суматра аралынын батыш жээгин кыдырып көрдүк. Мынчалык эбегейсиз кыйроону мен өмүрүмдө көргөн эмесмин,- деди Аннан.
Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строу Тайланддын Пукет деген шаарын кыдырып көрүп, набыт болгондордун ким экенин аныктоо -алдыда турган эң татаал жана үлкөн милдеттерден экенин айтты. Шри-Ланканын жабыр тарткан жерлерин кыдыр көргөн АКШнын тышкы иштер министри Пауэл ал жерде жан үрөп иштеп жаткан адамдардын эмгегине жогору баа берди.
Дүйнө өлкөлөрү менен эл аралык уюмдар жабыркаган өлкөлөргө баары болуп 4 миллиард доллар менен өлчөнгөн жардам убада кылышты, ал эми карапайым жарандар 900 миллион доллар топтоп берди.

XS
SM
MD
LG