Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Р.Отунбаева: «Маалымат согушунун максаты каралоо»


БИШКЕК. 9-январда Интернет байланышында Кыргызстандагы «Ата журт» кыймылынын ичинде ажырым пайда болду деген маалымат таратылды. «Центразия» баракчасынын аты менен таратылган ал кабарда «Ата журт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева менен кыймылдын мүчөсү,Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаровдун ортосунда парламентке татыктуу адамды шайлоо боюнча пикир келишпестик пайда болгондугу, ага Адахан Мадумаровдун элчилердин жылуу жайында отурбай, өлкөнүн ысык-суугуна чыдаган адам гана депутат болушу керек деген билдирүүсү негиз бергендиги айтылат. 9-январь күнү Адахан Мадумаров кыймыл мүчөлөрүнүн ортосунда ажырым жасоо үчүн атайын жасалып жаткан чагым деп билдирди. Ал эми Роза Отунбаева бийлик өзүн каралоочу эч бир илинчек таппай, беделин ушундай жол менен түшүрүү аракетин көрүп жаткандыгын билдирди. Жекшемби күнгө байланыштуу мындай билдирүүгө өкмөт тараптын пикирин билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

XS
SM
MD
LG