Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

АЧЕХТЕ ДАГЫ БИР КАТУУ ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ


Кубат Оторбаев, Прага Дүйнө коомчулугу Түштүк Азиядагы суу каптоодон жапа чеккендерге жардам берүүнү улантууда. 10-декабрда Индонезиянын Суматра аралдарында дагы бир ирет катуу жер титирөө катталды. Анын күчү бул ирет Рихтер таякчасы боюнча 6,2 баллга барабар болуп, куткаруучулардын ишин кыйла татаалдантты. Ал арада Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан өзүнүн Түштүк Азиядагы сапарын Мальдиви аралдарын кыдыруу менен аяктады.

Дүйшөмбүнүн таңында Индонезиянын Банда-Ачех шаарынан 60 чакырым түштүк-чыгышта дагы бир катуу жер титирөө катталды. Ансыз да 156 миң адамдын өмүрүн алып кеткен суу каптоодон жүрөгү үшүп калган тургундар бул ирет там-ташын таштай качып, ызы-чуу түшүп калышты. Зилзала мурдагы суу каптоодон жапа чегип, тамак-аш, дары-дармекке зар болуп отургандарга бараткан куткаруучулардын да ишин татаалдатып таштады.

Эларалык миграция уюмунун Индонезиядагы өкүлү Крис Ломдун телефон аркылуу айтканына караганда 26-декабрдагы суу каптоодон эң катуу кыйраган Ачех аймагына тамак-аш жеткирүү дале кыйын болуп жатат. Азыр Эларалык миграция уюму Кошмо Штаттарынын деңиз армиясынын тикучактарынын жардамы менен жээрге тамагы жок отурган тургундарга “асмандан” жардам берип жатат.

– Ушул тапта Эларалык миграция уюму америкалык флоттун тикучактарына тамак-аш жүктөп, аны асмандан жерге берип жатабыз. Өткөн аптада биз батыш райондорго 150дөй жолу каттадык, бирок ал тамак-аштын баардык элди тоюндураарына көзүбүз жетпейт. Ошондой эле, тикучактан ташталган тамак-аштардын канчасы узакка сакталаарын да, ал аймакта канча адамдын өмүрү сакталганын да так айтууга мүмкүн эмес, - дейт Крис Лом.

Анын айтымында Индонезиянын борбор шаары Жакартадан эң алыскы Ачех провинциясына жардам эми жер менен, башкача айтканда, автомашиналар менен да жеткириле баштамакчы. Эгер шоопурлар кезектешип-алмашып рулга отурушса эки жарым миң чакырым жолду эки-үч суткада, балким андан да көп убакытта арбытышы ыктымал.

Ал арада айрым алыскы аймактарга биринчи жардам эми гана жете баштады. 10-январда америкалык деңиз аскерлери салмагы бир тонна келген тамак-ашты Индонезиянын эң жапа чеккен шаарларынын бири - Мейлабохко жеткиришти.

Шри-Ланкада болсо дүйшөмбүдө айрым балдар суу каптоодон кийин биринчи жолу мектепке бара башташты. Аралдын көпчүлүк аймагы дале болсо кыйрандыдан арыла албай, башаламан жашоону баштан кечирүүдө. Эларалык миграция уюмунун Шри-Ланкадагы өкүлү Мэри Шихан айымдын айтымында абал аздап болсо да оңолууда, бирок көпчүлүк адамдар дале болсо лагерлерди айланчыктап жүрүшөт:

– Тамак-аш сыяктуу алгачкы керектөөлөр элге жетип жатат. Бирок адамдар дале эки анжы болушуп, лагерден кеталбай жүрүшөт. Алар там-ташын көрүп келгенден кийин лагерде кара курсактын айынан калып жатышат, себеби үйүнө барганы менен баарын суу алып кеткен. Жээрге тамактары жок.

Ал арада Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан өзүнүн Түштүк Азиядагы сапарын 10-январда жыйынтыктады. Ал буга чейин Индонезияда, Шри-Ланкада болгон. Дүйшөмбүдө Мальдиви аралдарын кыдыргандан кийин Аннан
Улуттар уюму алгачкы жардам көрсөтүү иштери менен гана чектелбей, келечекте жапа чеккен өлкөлөрдү бутуна тургузууга да салым кошоорун белгиледи:

– Бириккен улуттар уюму жардакташып жардам көрсөтүүгө кызыкдар болгондон кийин сиздердин мамлекет Мальдивини да, башка өлкөлөрдү да колдоого даяр. Алгач өзгөчө кырдаалдын шартында жардам иретинде, андан соң кайра куруу, калыбына келтирүү иштерине катышабыз.

Ал эми Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер суу каптоодон жапа чеккен мамлекеттерден ырасмий Берлин аласаларын азырынча сурабайт деп билдирди. Ал мындай пикирин Жакартада Индонезиянын президенти менен жолуккан учурда айтты.

XS
SM
MD
LG