Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Укук коргоочуларга моралдык-психологиялык кысым жасалууда


БИШКЕК. Кыргызстандагы укук коргоочулардын өздөрүн жана өлкөдө моралдык-психологиялык кысымга учураган атуулдарды коргоого мүмкүнчүлүгү бар. Укук коргоочулар мыйзамдардын алкагында иш-аракеттерин улантышат. Бул жөнүндө 12-январда «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова «АКИпресс» маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди. 9-январдан 10-январга караган түнү белгисиз адамдар Төлөйкан Исмаилова жана Адам укуктары боюнча Бюросунун жетекчиси Наталья Аблова жашаган үйлөргө чет өлкөлүк уюмдарды акчаларын алып иштешет деген маанидеги жагымсыз сөздөрдү жазып кетишкен. Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, мындай иш-чаралар укук коргоочуларды коомчулукка жаманатты кылуу жана аларга моралдык-психологиялык жактан кысым көрсөтүү максаты менен жасалууда. «Эл аралык толеранттулук үчүн» Фондунун төрайымы Рая Кадырова Кыргызстанда укук коргоочулардын жакындарын жана туугандарын коргоо Фондун түзүү зарылдыгы турат деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG