Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

Шайлоо блогу түзүлдү


БИШКЕК. Оппозициячыл маанайдагы сегиз саясий партия өкүлдөрү 12-январь күнү кечинде жыйын өткөрүшүп, парламенттик шайлоодо биргелешип аракеттенүү боюнча «Кыргызстан элдик кыймылы» деген аталышта шайлоо блогун түзүштү. Кыргызстандын Шайлоо кодексинин 25-беренесине ылайык шайлоо блогу кеминде эки саясий партия тарабынан түзүлөт. Шайлоо блогу аны түзүү боюнча жыйындын протоколу Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылган күндөн тарта беш күндүн ичинде БШК тарабынан каттоодон өткөрүлөт. Шайлоо мыйзамдарына шайлоо блогуна кирген саясий партиялар парламенттик шайлоодо өздөрү көрсөткөн талапкерлерди биргелешип колдоо укугуна ээ болушат. Кыргызстан элдик кыймылы блогуна «Асаба», «Жаңы Кыргызстан», «Коммунистер», «Республика», «Эрк», «Эркиндик» жана башка партиялар киришти.

XS
SM
MD
LG