Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:58

Роза Отунбаеваны колдоо пикети уланууда


БИШКЕК. 13-январда Бишкекте Роза Отунбаеваны колдоо боюнча нааразылык акциясы улантылды. Мындай акция Роза Отунбаеваны колдоо комитети тарабынан уюштурулуп, 7-январдан бери уланууда. Бул күнү пикетке он бештей адам чыкты. Алар аткаруу бийлигинен Роза Отунбаеваны жана башка Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мурдагы элчилерин парламенттик шайлоого талапкер катары катыштырууну талап кылышууда. Бишкектеги №1 университет шайлоо округундагы шайлоо комиссиясы 6-январда Кыргызстандын АКШ, Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Роза Отунбаеваны депутаттыкка талапкер катары каттоо тууралуу чечим кабыл алган. Ошол эле күнү аталган шайлоо комиссиясы түнкү саат он экилерде шашылыш жыйын өткөрүп, мурдагы чечимин жокко чыгарган. Оппозциячыл маанайдагы саясатчылар шайлоо комиссиясынын мындай чечимин жогорку бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен кабыл алынган саясий чечим катары баалашууда. Оппозиция өкүлдөрүнүнүн мындай бүтүмүн, аткаруу бийлиги четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG