Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

14-январда Жалалабад шаарында атуулдардын пикети митингиге айланды.


ЖАЛАЛАБАД. «Кыргызстан элдик кыймылынын» 35 мүчөсү облустук бийликтин имаратынын жанында өткөрүүгө аракет жасады. Бирок президент Аскар Акаевдин келүүсүнө байланыштуу борбордук көчөлөрдү кайтарган ички иштер министрлигинин кызматкерлери ага мүмкүндүк берген жок. Шаардын Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде азыркы бийликке нааразы сөздөр жазылган түрдүү плакаттарды кармаган пикетчилерге айылдардан келип кошулган жарандар жумуштун жоктугу менен жашоонун төмөндүгүнө, айыл чарба өнүмдөрүн мамлекеттик сатып алуу болбой, укуктары корголбогондугуна капа болушту. «Эрк» партиясынын координатору Медер Үсөнов акцияга жүздөн ашык адам катышкандыгын, митинг 15-январда да болорун, ал эми тартип сакчылары пикетке 30-35 адам чыккандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG