Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:53

Жарандык тилектештик каралоо маалыматтын таралышына нааразы


БИШКЕК. Парламент алдыдагы шайлоону өткөрүү боюнча өкмөттүн жашыруун жыйын өткөргөндүгү жөнүндөгү маалыматтын чын төгүнүн иликтөөгө милдеттүү. Мындай билдирүүнү 14-январда жарандык коом, саясий партия жана коомдук уюмдардын башын бириктирген Адилет шайлоо тилектештигинин башкы кеңешинин төрагасы Дастан Сарыгулов билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, Жогорку Кеңеш коомдук иликтөө тобун түзүп, өкмөт жашыруун жыйын өткөргөн же өткөрбөгөндүгүн же айрым айрым байкоочулар айтып жаткандай оппозициялык күчтөрдүн шайлоо алдында атайын ойлоп чыккан каралоо аракети экендигин аныктоого милдеттүү. Анткени, жыйында өкмөт башчы Николай Танаев айтты деп жазылган сөздөр коомчулуктун бүйүрүн кызытып, бийлик менен оппозициянын карама-каршылыгын күчөтүп жатат. Премьер-министр Николай Танаев парламенттик шайлоого байланыштуу жашыруун жыйын өткөрүп, бийликке каршы айрым саясатчылардын депутат болбошу үчүн кандай чара көрүү керектигин тактады деген материал жаңы жылдан кийин Интернетте пайда болгон. Аны «Республика» гезити 12-январда, «МСН» гезити 14-январда басып чыгарган. Ал эми өкмөт 13-январда билдирүү таратып, анда өкмөт жашыруун жыйын өткөрбөгөндүгүн жана оппозиция өкүлдөрүн депутаттыкка өткөрбөө тууралуу эч кандай көрсөтмө берилбегендигин расмий түрдө билдирген.

XS
SM
MD
LG